Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Таласта Бабанов менен жолугушууда Атамбаевдин дарегине сын айтылды


Өмүрбек Бабановду колдоп митинг өткөргөндөр. 1-октябрь, 2017-жыл
Өмүрбек Бабановду колдоп митинг өткөргөндөр. 1-октябрь, 2017-жыл

Бүгүн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Талас облусунун Кара-Буура районундагы шайлоочулар менен жолугушуусунда айрым тургундар мамлекет башчы Алмазбек Атамабевдин дарегине сын айтышты. Алар ар кандай жолугушууларда талапкер Бабановду сындап жатат деп мамлекет башчыга нааразы болушту.

Кечээ, 11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Таласка иш сапары менен барып, Манастын күмбөзүнө зыярат кылган жана музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышкан. Жергиликтуү тургандар менен жолугушууда шайлоону таза өткөрүүгө убада берген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 11 талапкер ат салышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG