Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Калифорниядагы токой өрттөрүнөн өлгөндөр саны жыйырмадан ашты


Токой өрттөрүнүн түнкү көрүнүшү.
Токой өрттөрүнүн түнкү көрүнүшү.

АКШнын бул эң ири штатынын губернатору Жерри Браун штаттын түндүк жана түштүк райондорунда өзгөчө абал жарыялады. Өрттөн кеминде 23 кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары жүздөгөн киши дайынсыз жоголду, миңдеген адам үй-жайсыз калды.

8-октябрдын түнүндө тутанган өрттүн себептери азырынча расмий аныктала элек. Бийликтер бул электр зымдарынын жерге кулашынан улам болушу мүмкүн деп жатышат.

Үч күндөн бери уланып жаткан өрттөн 20 миңдей адам үй-жайын таштоого да аргасыз болду, Калифорниянын белгилүү вино талааларынын кеминде 13ү талкалады.

Аталган штатта буга чейинки эң ири токой өртү 1933-жылы катталган экен. Анда 29 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG