Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Интеллигенция өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоду


47 адамдан турган интеллигенция өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, шайлоо алдындагы айрым мүчүлүштүктөргө көңүл бурууга чакырды.

Алар бийликтин талапкерине карата административдик ресурс колдонулуп, бардык аткаминерлер, күч структуралары өзүнүн түз милдетин аткарбастан, үгүт өнөктүгүнө кошо тартылып жатканын айтышты. Ошондой эле КТРК аркылуу талапкерлерди бир тараптуу каралоо жүрүп, шайлоо мыйзамдары олуттуу бузулуп жатканын билдиришти.

“Шайлоо жыйынтыгын улай коомчулукта башаламандык болот деген сөздөр тынбай жүрүп жатат. Бул өз кезегинде бийлик тараптан атайын уюштурулуп, шайлоо жыйынтыгын бурмалоого жол ачуу үчүн айтылып жаткандай ойлорго түртүүдө”, - деп жазылат билдирүүдө.

Интеллигенция өкүлдөрү президенттин таза шайлоо өткөрүү демилгесин колдой турганын, ошол эле учурда кайсы бир талапкерге карата баа берүүдөн алыс болууга чакырды. “Коомчулук ачык жана таза шайлоону күтүп жатат, андыктан тандоо укугун элдин өзүнө беришибиз керек. Дагы бир жолу Конституцияны сактап, талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кайрылууга Жолборс Жоробеков, Досбол Нур уулу, Эдил Байсалов, Дөөлөтбек Сапаралиев, Камила Шаршекеева, Гүлнара Асымбекова өңдүү адамдар кол коюшту.

Буга чейин маданият тармагындагы ишмерлер президентке кайрылуу жолдоп, айрым талапкерлер мыйзамды одоно бузуп жаткандыгы үчүн чара көрүү зарылдыгын демилгелеп президентке кайрылуу жолдошкон.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарында Футбол федерациясынын академиясын ачкан учурда кандай болгон күндө да шайлоону өткөрө турганын, эл өзү татыктуу президентти шайлап аларына ишенерин билдирди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG