Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

КТРКдагы теледебаттардын экинчи бөлүгүнө Сооронбай Жээнбеков келген жок


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

КТРКда президенттик кызматка талапкерлердин теледебаттарынын экинчи бөлүгү уланууда. Бүгүнкү дебаттарга Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Темир Сариев катышып жатат.

Жадыбал боюнча теле таймашка дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков да катышууга тийиш болчу. Бирок шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында аймактарда жүргөндүктөн дебатка келе албай турганын айтып, кечирим сураганын алып баруучу Алмаз Касымалиев билдирди.

Буга чейин 8-октябрда Кочкор -Ата шаарчасынын стадионундагы жолугушууда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Сооронбай Жээнбековду кескин сындап, ага суроолору бардыгын айтып, КСДП талапкерин дебатта беттешүүгө чакырган эле.

Мадумаров дебаттын башталышында Жээнбековду теле эрөөлгө социалдык медиа аркылуу да чакырганын, негизги талапкерлердин биринин келбей койгону “өкүнүчтүү” деп белгиледи.

Кечээ теледебатка Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров жана Өмүрбек Бабанов чыккан.

БШК дебат жадыбалын талапкерлер арасындагы чүчүкулак аркылуу аныктаган. (NT)

XS
SM
MD
LG