Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

"Талибандын" туткунунан түндүк америкалык үй-бүлө бошотулду


"Талибан" туткунунан бошотулган үй-бүлө. 2016-жылы 19-декабрда тартылган сүрөт.
"Талибан" туткунунан бошотулган үй-бүлө. 2016-жылы 19-декабрда тартылган сүрөт.

Пакистандын армиясы 12-октябрда маалымдагандай, алар беш жыл бою "Талибандын" туткунунда болгон.

Туткундан үч баласы менен бошотулган жубайлардын күйөөсү Канаданын, аялы АКШнын жарандары.

Пакистан армиясы үй-бүлө АКШ расмийлеринен чалгын маалымат алынгандан кийин өлкөнүн түндүк-батышында, Ооганстан менен чек арага жакын, уруулар жашаган аймактагы операциянын натыйжасында бошотулганын билдирүүдө.

Бул окуяны АКШ президенти Дональд Трамп дагы комментарийлеп, америкалык Кейтлен Коулман менен канадалык Жош Бойленин үй-бүлөсүнүн туткундан бошотулушу АКШ жана Пакистан өкмөттөрү бирге иштөөсүнүн натыйжасы экенин белгиледи.

Жубайлар Ооганстандан 2012-жылы уурдалып кеткен, үч баласы алар туткунда кезинде төрөлгөн. Ооган талибдерине байланышы бар “Хаккани” кыймылы буга чейин жубайлардын туткундагы жашоосу тартылган видеону да таратышкан.

“Хаккани” кыймылы өз кезегинде алардын Ооганстандын түрмөсүндөгү үч адамы бошотулушун талап кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG