Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Симферополдо крымдык алты татар эки айга камакка алынды


Симферополдогу соттун алды. 12-октябрь, 2017-жыл.
Симферополдогу соттун алды. 12-октябрь, 2017-жыл.

Орусия көзөмөлдөгөн Симфорополдун соту 12-октябрда алты крым татарын “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна катышы бар деген шек менен камакка алды.

"Крым.Реалии" сайты жазып чыккандай, соттун алдына кармалгандарды колдоо максатында 100дөн ашык киши чогулду.

11-октябрда Орусиянын Коопсуздук кызматы Бахчисарайда алты кишиге кылмыш иши козголгонун, аларды кармоо операциясы жүргүзүлгөнүн билдирген. Быйыл жазда ушундай эле шек менен Севастополдун соту төрт крымдык татар активистин эркинен ажыраткан эле. Алардын бири Руслан Зейтуллаевдин камактагы мөөнөтү июлда 15 жылга узартылган.

Бахчисарайда “Крым тилектештиги” уюмунун активисттери да кармалган. Алардын бешөө кечээ Орусиянын күч кызматкерлери ур-токмокко алганын айтып, полицияга арызданышты. Буга чейин сот аларды уруксат берилбеген акцияга катышты деген кине менен 10 миңден 20 миң рублге чейин айыпка жыккан. Бирок "Крым тилектештиги" уюму активисттер кармалган мекендештерин колдоо митингине гана чыккан деп маалымдаган.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер орус бийлигин крымдык татарларды саясий негизде кармап жатат деп эсептешет. Кармалган крым татарларынын көбү жарым аралдын Орусиянын курамына киришине каршы болгондор экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG