Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Тажикстандык оппозиционер Шохнаими Карим Грекияда кармалды


Шохнаими Карим.
Шохнаими Карим.

Тажик бийлиги тыюу салган "Тажикстан кайра жаралуу партиясынын" мүчөсү Шохнаими Карим (Мирзорахим Кузова​) Афинанын аэропортунда Интерполдун өтүнүчү менен 9-октябрда кармалганы белгилүү болду.

Маалыматка караган, ал 10-октябрда Грекиянын четиндеги Коридаллос абагына которулган. Жакынкы күндөрү ага адвокат берилет. Соңку жылдары Шохнаими Карим Түркия жана Иранда, үй-бүлөсү Тажикстанда жашап жаткан.

2015-жылы Тажикстандын коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын козголоңунан кийин Карим мүчө болгон аталган диний партия мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталган. Тажикстандын Жогорку соту аны террордук уюм деп атап, ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Карим козголоңчу генерал Абдухалима Назарзода өлтүрүлгөнгө чейин эле Тажикстандан чыгып кеткен.

"Тажикстан кайра жаралуу" партиясынын жетекчилиги грек бийлигине кайрылып, расмий Дүйшөмбү Шохнаими Каримге саясий өңүттө кылмыш ишин козгогонун билдиришти.

Human Rights Watch, Freedom House эл аралык укук коргоо уюмдары тажик оппозиционерин коргогон билдирүү менен чыгары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG