Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Орусиянын Башкы штабынын делегациясы АКШга киргизилген жок


БУУнун Нью-Йорктогу штаб-үйүнүн имараты.
БУУнун Нью-Йорктогу штаб-үйүнүн имараты.

АКШ Орусиянын Башкы штабынын делегациясына виза берүүдөн баш тартты.

Генералдар, анын ичинде коргоо министринин орун басары Андрей Третьяк кытайлык кесиптештери менен бирге БУУнун башкы кеңсесинде АКШнын ракетага каршы коргонуу программасы боюнча брифинг өткөрүүнү мерчемдешкен.

Бул тууралуу 12-октябрда Нью-Йоркто БУУда орус-кытай жолугушуусунда сөз сүйлөгөн орус Коргоо министрлигинин эл аралык аскер кызматташтыгы башкармалыгынын башчысы Александр Емельянов билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга орус тараптан Коргоо министрлигинин бир нече өкүлү катышкан, бирок Башкы штабдын делегациясы АКШга киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG