Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Казакстанда 386 кыргызстандык жаран административдик жоопко тартылды


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети. 12-октябрь, 2017-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети. 12-октябрь, 2017-жыл.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын бул билдирүүсү 12-октябрда мекеменин сайтында жарыяланды. Анда Чек ара кызматынын пландуу операциялары башталгандан бери кыргыз-казак чегинен өткөндөрдүн саны азайбады деп жазылган.

Маалыматка караганда, 10-11-октябрда Кыргызстан тарапка 18680 киши чыгып, Казакстанга 14867 адам кирген. Көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 112 эреже бузган учур катталган, анын 55и кыргызстандык жарандар. Мындан тышкары Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, чек арадан ок-дары алып өтүү аракети болгон. Ошондой эле ички иштер органдары менен Казакстанда чет элдик жарандардын миграция мыйзамдарын сакташы боюнча текшерүү жүрүп жатканы айтылган. Жалпы 8 миңден ашык чет элдик текшерилген, анын 2 жарым миңи кыргызстандыктар. Алардын ичинен 386 жаран административдик жоопко тартылган, 242 киши Казакстандан чыгарылып, 69 адамдын өлкөдө жүрүү мөөнөтү кыскарып, 21и административдик камакка алынган.

"Кыргыз бийлигинин президенттик шайлоо күнүндө криминалды колдонуу менен массалык баш-аламандыкка даярдык көрүү аракеттери тууралуу маалыматын эске алып, Казакстандын Чек ара кызматы өлкөгө кылмыш элементтеринин киришине жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрөт" деп айтылат маалыматта.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын Казакстанга өтүшү кыйындаган. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке туруп, оор жүк ташыган автоунаалардын саны да өскөн. (NT)

XS
SM
MD
LG