Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Сариевдин штабы ал башка талапкерге кошулду деген сөздү төгүндөдү


Темир Сариев
Темир Сариев

Президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабы ал башка талапкерге кошулду деген маалыматты четке кагууда.

Бүгүн штаб интернетте тарап жаткан мындай сөздөрдү жалган деп атап, “Бүгүн эртең менен региондордо Бабанов жана Жээнбековдун үгүтчүлөрү шайлоочуларга Сариев алардын талапкерлерине кошулганы тууралуу ушак-айыңдарды тарката башташты. Бул жалган жалаа! Темир Сариев президенттик жарышта өз талапкерлигин албайт жана жеңиш үчүн аягына чейин барат” деген билдирүү таратты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 11 талапкер ат салышууда.

Бабанов менен Жээнбековдун өкүлдөрү Сариевдин штабынын бүгүнкү билдирүүсүн комментарийлей элек. (RK)

XS
SM
MD
LG