Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:34

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген жаран кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматы бүгүн тараткан кабарда "Кыргызстандагы абалды курчутууга, террордук актыларды даярдоо жана жасоо максатында Сирияда чагымчыл топтор бөлүгүнүн катарынан келген, Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды" деп айтылды.

Кылмышка шектүү жаран 37 жашта экени кабарланды. Ал 2015-жылы «Ахрар аш-Шам» эл аралык террордук уюмуна мүчө болуп, Сирия өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуш аракеттерине катышканы айтылууда.

"Ал Сирияда жетим балдардын идеологиялык борборлорунун бирин жетектеп «жихадчылык» боюнча сабак өтүп, эл аралык террордук бандиттик түзүмдөрдү адам ресурстары менен камсыздап турган. Кыргызстанга эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген" деп билдирди УКМК.

Азыркы убакта кылмышка шектүү жаран атайын кызматка сурак берип жатат, ал террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар экенин моюнуна алганы айтылууда.

Буга чейин УКМК Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандардын саны 500гө жетип токтой баштаганын, алардын айрымдары ошол жактан көз жумганын кабарлаган болчу. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG