Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

БШК: Казакстандан 45 байкоочу келди


Боршайком Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү президенттик шайлоого байкоочу катары катышуудан баш тартты деген маалыматты төгүндөөдө.

"Азаттык" радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат башчысы Бакыт Жумагулов билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө 45 казакстандык жаран Кыргызстанда байкоочу катары жүрөт:

- Мен эл аралык бөлүмүбүздөн маалымат алдым. Сарсембаев деген жаран азыр билетин алмаштырып жатыптыр, ал башка рейс менен келет дешти. Жалпысынан Казакстандан 45ке жакын адам келди.

Бакыт Жумагуловдун айтымында, алардын арасында Казакстандын өкүлү катары да, эл аралык уюмдун мүчөсү катары да келгендер бар.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага 58 мамлекеттен 800гө жакын байкоочу катышат.

Буга чейин Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Марат Сарсембаев кыргыз президентинин айткандарына байланыштуу шайлоого байкоочу болуп катышуудан баш тартканы тууралуу маалымат интернетте тараган болчу.

8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындап сүйлөгөн.

10-октябрда Кыргызстандан Казакстанга каттаган адамдар менен автоунаалар чек арадан өтө албай, тыгын, нааразылык пайда болгон. Муну казак тарап катардагы текшерүү операциясы деп атаган.

Кечээтен бери абал турукташа баштаганы айтылууда.

Президенттик аппарат чек арадагы абал боюнча комментарий бере элек. (KR/RK)

XS
SM
MD
LG