Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:44

Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы 12-октябрда Украинада жакында кабыл алынган тил мыйзамын сындаган резолюция кабыл алды. Анда "жаңы мыйзамдын айынан улуттук азчылыктардын укуктары кескин чектелет" делет.

ПАСЕ мыйзамга өзгөртүү киргизилер алдында улуттук азчылык өкүлдөрү менен анык кеңешүү болбогонун жана Еврокеңештин Венеция комиссиясынын экспертизасына кабыл алынгандан кийин гана жөнөтүлгөнүн белгилейт. Ушуга байланыштуу Венеция комиссиясы чыгара турган сунуштама жана бүтүмдү толук эске алуу менен ал мыйзамды кайра өзгөртүүгө чакырган. Комиссиянын жообу декабрда билинери күтүлүүдө.

25-сентябрда кабыл алынган мыйзамга ылайык, Украинанын мамлекеттик мектептериндеги сабактар бешинчи класстан кийин жалаң украин тилинде гана жүргүзүлүшү керек. Улуттук азчылыктын өкүлдөрү өз эне тилин өзүнчө предмет катары окуй алышат. Мыйзам нааразылыкты, талаш-тартышты жараткан. Бирок Порошенко өзгөртүү "европалык стандарттарга шайкеш жана коңшу өлкөлөр үчүн үлгү" деп моюн толгоп келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG