Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:53

Ош мэри интернетке тараган видеодон кабарсыз экенин айтты


Мэр Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер Сооронбай Жээнбековго ичик кийгизген учур. Сүрөт соцтармактарга тараган видеодон алынды.
Мэр Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер Сооронбай Жээнбековго ичик кийгизген учур. Сүрөт соцтармактарга тараган видеодон алынды.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековко кымбат баалуу ичик кийгизгени тартылган видеодон кабарсыз. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна калаа башчы өзү айтты.

Аталган тасма интернетке 13-октябрда чыккан. Анда мэр Айтмамат Кадырбаев, мэриянын аппарат башчысы Алмаз Осмонов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов баштаган аткаминерлер Сооронбай Жээнбековго кымбат ичик жана тебетей кийгизип, кол чаап, “хан келатат” деген сөздөрдү айтышкан. Мэрияда иштеген атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, окуя 11-октябрда Оштогу “Отор” ресторанында болгон. Ал күнү Жээнбеков Ош шаарында шайлоочулар менен жолуккан.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы бул жаатта комментарий алуу үчүн мэрге кайрылганда “Мен ичик кийгизген жокмун ал кишиге. Эмнеге жеке турмушума кийлигишесиң?” деп жооп берди.

Аппарат башчы Алмаз Осмонов видео эски экенин айтты. Бирок тасмада талапкер Жээнбеков “Ошто бүгүнкү жолугушуу жакшы өттү. Он экисинде президент келет” деп сүйлөгөн. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Ошко иш сапары менен барган.

Бул видео интернетке чыккан соң социалдык тармактарда кызуу талкууланып, мамлекеттик кызматкерлердин жоругу сындалган.

12-октябрда талапкерлердин КТРКдагы дебатына Сооронбай Жээнбеков катышмак. Бирок ал келген эмес.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 11 талапкер ат салышууда. Бийликчил Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду сунуштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG