Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Сапар Исаковдун отставкасын талап кылды


Намазалиевдин билдирүүсүнө тиркелген сүрөт
Намазалиевдин билдирүүсүнө тиркелген сүрөт

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев "Кайсар Абылкасымов ири сумма менен кармалды" деген маалыматты төгүндөөдө. Анын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Абылкасымов учурда ата-энеси менен Алматы шаарында.

Буга чейин “АкиПресс” маалымат агенттиги премьер-министр Сапар Исаковдун Ысык-Көлдө сүйлөгөн сөзүн жарыялаган.

Анда Исаков “Кайсар Абылкасымов 25 млн доллар менен кармалганы Орусиянын Ички иштер министрлигинин телеграммасында айтылат. Бул президенттикке талапкердин жакын оң колу. Балким бул Кыргызстанга келе турган акча болчу” деп айтканы видеосу менен жарыялаган. Бирок бир аздан кийин бул маалымат сайттан алынып салынды.

Кайсар Абылкасымов Казакстандын жараны. Ал Өмүрбек Бабановдун жакын адамдарынын бири экени айтылып келет.

Мирсулжан Намазалиев бүгүн билдирүү таратып, "Сапар Исаковдун дезинформациясы анын отставкасына алып келиши керек" деди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG