Кыргызстандык жарандардын жана автоунаалардын Казакстанга өтүүсү боюнча абал туруксуз болууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди:
- “Ак-Жол” бекетинде 400гө жакын жаран, 50гө жакын оор жүк ташуучу жана жеңил унаа тыгында турат. “Ак-Тилекте” 200гө жакын жүк ташуучу унаа токтоп турат. Кечээ бир саатта орточо эсептегенде беш машина өткөн болсо, соңку бир саат ичинде бир-эки машина өттү.
Бүгүн эртең менен алыска оор жүк ташып иштеген айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев алгач тез бузулчу жашылча-жемиштер өткөрүлүп жатканын билдирген эле.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн.
Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу. (RK)