Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:14

Шаманов: Орусия Калининградга кошумча курал жибериши ыктымал


"Искандер" ракеталык комплекси

НАТО чыгыш ыптасына америкалык аскерлерди жайгаштырганына Орусия Калининградга "Искандер" ракеталык комплексинен дагы жибериши ыктымал. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын коргоо комитетинин төрагасы Владимир Шамановго таянып орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Шаманов АКШ аскерлерин Польшага алып келүүгө "эл аралык келишимдер кескин тыюу салат" деп белгилейт.

Ал эми АКШ менен НАТО аймакка аскер жайгаштыруу эч бир Орусия же башка өлкөлөр менен макулдашууларга шек келтирбейт деп ырастоодо.

Жогорку тактыктагы "Искандер" комплекси 500 чакырым аралыкты бутага ала алат. Өзөктүк дүрмөт менен да жабдууга болот.

XS
SM
MD
LG