Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:55

Грузия парламенти президенттин каршылыгына карабай жаңы Конституцияны колдоду


Георгий Маргвелашвили

Грузия парламенти президенттин ветосуна карабай 13-октябрда жаңы Конституция долбоорун жактырды. "Интерфакстын" маалыматына караганда добуш берүүгө оппозициялык фракциялар катышкан жок. Алар "Бут алдында калган Конституция" деген плакатты залга илип кетишкен.

Президент Георгий Маргвелашвили жаңы Конституция долбоору даяр эмес жана коомчулук менен оппозициялык күчтөрдүн колдоосуна арзыган жок деп кол коюудан баш тарткан. Өзүнүн сунуштарын кошуп, парламентке кайтарган эле. Эгер парламент анын пикирин эске алса Баш мыйзам "мунаса документи" болорун белгилеген.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция президенттин чакырыгын колдогон жок. Жаңы Конституцияга ылайык Грузия парламенттик башкарууга өтүп, президенттин ыйгарым укуктары кадыресе чектелет. Башмыйзам кийинки жылы жаңы президент шайлангандан кийин күчүнө кирет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG