Орусиянын Воронеж облусунда жаңы төрөлгөн кызын сатмай болгон өзбекстандык түгөй кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматына облустун Тергөө комитетинин өкүлү Елена Мануковская билдирди.
29 жаштагы аял, анын 39 жаштагы жарандык никедеги күйөөсү чүрпөсүн 30 миң рублге баалаган. Алар "сатып алуучуну" тааныштары аркылуу издей башташкан. Муну билген полиция кардардын кейпин кийип байланышка чыккан.
"Анан атайын операция жүргүзүлүп, аял менен эркек тилкат жазып берип, акчаны алып жатканда кармалышкан. Учурда ымыркай ооруканада", дейт Мануковская.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда наристе 8-сентябрда батирде, эч кандай дарыгер же атайын кызматкерлердин жардамысыз төрөлгөн. Сурак учурунда ал акчага мекенине кайтуу үчүн билет алууну көздөшкөнүн айтып беришкен.