Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Могерини: өзөктүк келишимди бир лидер жокко чыгара албайт


 Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини.
Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини.

Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини Иран менен өзөктүк келишимди "бекем келишим" деп атап, аны бир лидер жокко чыгара албасын билдирди.

"Америка Кошмо Штаттарынын президентинин ыйгарым укуктары көп. Бирок ал буга өтпөйт", - деди Могерини 13-октябрда.

Андан аз мурда эле АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк келишимдин аткарылышы боюнча билдирүү жасап, Иран анын маңызын сактабай жатканын, бул аракеттерин уланта берсе, кийин келишимден чыгып кетишерин айткан. Ошондой эле Иранды тизгиндөө үчүн кошумча талаптарды иштеп чыгууну ал Конгресстен өтүнгөн.

Ал эми РИА Новости кабар агенттигинин маалымдашынча, Орусиянын коргоо министринин орун басары Сергей Рябков жөнгө салынган маселени Трамптын кайра көтөрүп жатышын "өзгөчө коркунучтуу" деп мүнөздөгөн. .

XS
SM
MD
LG