Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү президенттикке талапкердин штабы жарыялаган талапка жообун берди.
Билдирүүдө айтылгандай, өкмөт башчы Сапар Исаков Ысык-Көлдө эл менен жолугушуу учурунда Кайсар Абылкасымов тууралуу маалыматты айткан. Премьер-министрге бул маалыматты аппараттын кызматкери даярдап берген. Бул маалымат тиешелүү кызматтар тарабынан расмий тастыкталбаганына байланыштуу, өкмөт башчы бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды деп айтылат маалыматта.
"Премьер-министр сөзүндө бир да талапкердин атын атаган эмес, атүгүл шайлоо процесси боюнча бир да маселе көтөргөн эмес. Ошондуктан, Бабановдун штабынын билдирүү менен чыгышы түшүнүксүз. Штабдын билдирүүсүндө айтылган президенттике талапкерди каралоо жана шайлоо процессине кийлигишүү жөнүндө айыптоолор негизсиз", - деп белгилейт өкмөттүк аппарат.
13-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев "Кайсар Абылкасымов ири сумма менен кармалды" деген жалган маалымат таратканы үчүн өкмөт башчынын кызматтан кетүүсүн талап кылган билдирүү тараткан.
Буга чейин “Аки-пресс” маалымат агенттиги премьер-министр Сапар Исаковдун Ысык-Көлдө сүйлөгөн сөзүн жарыялаган.
Анда Исаков “Кайсар Абылкасымов 25 млн доллар менен кармалганы Орусиянын Ички иштер министрлигинин телеграммасында айтылат. Бул президенттикке талапкердин жакын оң колу. Балким бул Кыргызстанга келе турган акча болчу” деп айтканы видеосу менен жарыялаган. Бирок бир аздан кийин бул маалымат сайттан алынып салынды.
Кайсар Абылкасымов Казакстандын жараны. Ал Өмүрбек Бабановдун жакын адамдарынын бири экени айтылып келет.(ZKo)