Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Опера жана балет театры күзгү сезонун фестиваль менен ачат


14-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык Опера жана балет театры күзгү сезонун ачат. Быйыл аталган театрдын ачылганына 75 жыл толду. Мааракеге арналган театралдык сезон “Айчүрөк” операсы менен ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна театрдан кабарлашты.

Маалыматта айталгандай, жаңы сезондун ачылышы менен Болот Миңжылкиев атындагы үчүнчү эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Иш-чарага Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Орусиядан келген опера искусствосунун чеберлери катышат.

Кароо-сынакта 16-октябрь күнү А.Бородиндин “Князь Игорь” операсын Мариинск театрынын солисттери ырдашат. 18-октябрда Жузеппе Вердин “Травиата” спектаклин Казакстандан келген артистер; 20-октябрда Жузеппе Вердин “Аида” спектаклин Ташкенттен келген дирижер менен Санкт-Петербургдан келген солисттер коюшат. Фестиваль 22-октябрда жабылып, театрдын 75 жылдык мааракесине арналган чоң гала-концерт өтөт.

1937-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп уюшулган. Алгач опера спектаклдери кыргыз жана орус тилдеринде коюлган. 1942-жылы ал Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры болуп түзүлгөн.

Адегенде «Алтын кыз», «Ажал ордуна» музыкалык драмалары коюлган. 1939-жылы театрда кыргыздын туңгуч улуттук операсы «Айчүрөк» коюлган.(ZA)

XS
SM
MD
LG