Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:07

БШК: Ар бир жаран өзү үчүн гана добуш бере алат


Кыргызстанда президент алты жылга шайланат.
Кыргызстанда президент алты жылга шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө 2004-жылкы жана 2014-жылкы үлгүдөгү паспорту бар жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар кире алат.

Добуш берүүнүн жашыруундугун бузган шайлоочулар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Добуш берүүгө кызматтык абалынан пайдаланып кийлигишүүгө аракеттенген жарандарга административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралганын айтат БШК.

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү президенттик шайлоодо 3 млн 25 миң 768 кыргызстандык добуш берет. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде. (ZKo)

XS
SM
MD
LG