Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:25

Кыргызстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин калайман башаламандык уюштуруп, административдик имараттарды басып алууну пландаган деген шек менен Жогорку Кеңештин мурда соттолгон экс-депутаты кармалды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, анын фамилиясы Шайымбетов, бирок кайсы чакырылыштагы депутат болгону так айтылган жок.

Ал соңку күндөрү өзүнүн тарапкерлери менен бирге курал-жарак издеп, президенттикке талапкерлердин бири утулуп калса бийлик имараттарын басып алууну көздөгөн деп шектелип жатат.

Шайымбетов баштаган топко карата кылмыш иш козголду. Алар Улуттук коопсуздук комитетине жеткирилди. Тергөө жүрүп жатат.

Иш Кылмыш кодексинин 27-беренесинин жана 233-беренесинин 1-бөлүгүнө (Массалык башаламандыкка даярдык көрүү), 27-беренесинин жана 295-беренесине ( Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) жана 241-беренесинин 2-бөлүгүнө (ок атуучу курал, ок-дары, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү) ылайык козголду.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо. 11 талапкер ат салышууда. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG