Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:08

НТСтин кабарчысы Ошто ага карата зомбулук болгонун билдирди


Мирбек Айтикеев "Азаттыктын" кеңсесинде
Мирбек Айтикеев "Азаттыктын" кеңсесинде

Ошто НТС телеканалынын кабарчысы ага карата зомбулук болгонун айтууда. Кабарчы Мирбек Айтикеев «Азаттык” радиосуна:

- “Ош-Таатандын” жанында жайгашкан №5325 шайлоо участогунда мыйзам бузуу болуп жатат деген кабар түшкөн. Биз бардык. Мен күбөлүгүмдү көргөзсөм да киргизбей коюшту. Төрайымды күткүлө дешти. 15 мүнөт күттүк. Акыры өзүбүз кирип барып тарта баштасак менин колумдагы телефонумду жулуп алып эшикке чыгарып салышты. Милиция, спортчулары аралашып мени жулкулдатып чыгарышты. Андан кийин чымыр денелүү он чакты бала элдин көзүнчө жабалактап, бөйрөк тушка да ургулап жатышты. Эч кимисин тааныбайм.

Айтикеев бул боюнча тиешелүү органдарга арыз даярдап жатканын билдирди.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков азырынча аларга НТСтин кабарчысы тууралуу маалымат түшө элегин "Азаттыкка" айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG