Райондук Акман айылындагы №2130 шайлоо участкасында добуш берүү техникалардын иштебей калуусунан улам бир саатка кечигип башталды. Бул тууралуу Акман айылдык кеңешинин депутаты Рамиз Каимов “Азаттык” радиосуна билдирди.
- Эртен менен алгач добуш берүү үчүн аксакалдар жана жергиликтүү тургундар келишкен. 8де добушкана ачылганы менен идентификациядан өткөрүүчү эки аппарат тең иштебей, баары кезек күтүп туруп калышты. Анын себебин шайлоо участкасынын мүчөлөрү жана операторлору да түшүндүрө алышкан жок – деди Каимов.
Бул шайлоо участкасында миңден ашык шайлоочу катталган.
Жалал-Абад облусу боюнча 426 шайлоо участкасынын экөө быйыл жаңы уюштурулган. Шайлоочулардын жалпы тизмеси 495 миңден ашык.(RsK)