Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Атамбаев: Чек ара ачылбаса ЕАЭБдин чукул жыйынын талап кылам


Кыргыз-казак чек арасында. 13-октябрь, 2017-жыл
Кыргыз-казак чек арасында. 13-октябрь, 2017-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу 15-октябрда шайлоо участогунда добуш берип чыккандан кийин сүйлөгөн сөзүндө айтты. Айтымында, Казакстан тарап чек араны шайлоого байланыштуу жапкан болсо, анда шайлоо бүткөндөн кийин ачылышы керек:

- Казак бийлиги азыркы абал Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу деп айтып жатат. Кудай буйруса, шайлоо 1-тур менен бүтсө, ошондон кийин да чек ара ачылбаса, мен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттерин чукул жыйын чакырууга талап коюу укугум бар. Эгер маселе чечилбесе, анда бул уюмдун да статусу суроо болуп калат.

Мамлекет башчы кыргыз-казак чек арасы боюнча келишимдер түзүлбөй, кол коюлбай жатканын белгилеп өттү. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Торугарт жолундагы Казакстан коридор кылып берген 800 метрлик жол боюнча да кол коюлбай жатканын айтты.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн. Жергиликтүү бийлик чек арадан алыс эмес жерге чатыр тигип, ысык тамак уюштурган.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырган. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.

Чек арадагы абал дале өзгөрө элек. (KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG