"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы маалымат таратып, түшкө чейин шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте ала турган олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди. Ош шаарындагы №5175 шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү үкөктөр иштебей калган, бул боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү акт түзүшкөн. Бир саат ичинде экинчи үкөк оңдолуп, ишке кирген.
"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын миң байкоочусу 500 шайлоо участогунда добуш берүүгө көз салып турушат. Алар добуш берүүнүн аягына чейин маалыматтарды коалициянын маалымат-борборуна жиберип турушат.
15-октябрда президенттик шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу, жүздөгөн жергиликтүү байкоочулар көз салып турушат.
Бүгүн өтүп жаткан президенттик шайлоодо бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековдун штабы кайсы бир талапкер элдин добушун сатып алууга аракеттенип жатат деп билдирсе, айрым талапкерлер бийлик административдик ресурс колдонуп жатат деп айтып чыгышкан. (ZKo)