Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:10

Райондун Лавдан-Кара айылындагы №2406 Мадумар-Ата шайлоо участогунда "Азаттыктын" кабарчысы барган учурда (саат 13:30да) добушканада эч бир шайлоочу жок болуп чыкты. Участоктун төрайымы Алия Мадалиева анын себебин түшкү тамактануу жана намаз убактысы менен түшүндүрдү. Саат 13:00гө карата бул участокто 744 шайлоочунун болгону 180и гана добуш берген.

Ушундай эле көрүнүш №2393 участогунда да бар. 1400 шайлоочудан болгону 300ү добуш берген. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү муну көпчүлүк шайлоочулар дыйканчылык кылып, талаада жүрүшкөнү менен байланыштырышты. Алардын айтуусунда, шайлоочулардын агымы кечке жуук көбөйүүсү күтүлүүдө.

Сузак районунда 111 шайлоо участогу бар. Аймакта 124 миң шайлоочу бар.(RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG