Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Бабанов: Бийлик чагым даярдоодо


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Президенттикке талапкер, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бийлик шайлоого байланыштуу чагым даярдап жатат деп эсептейт. Буга шектүү катары ал ИИМ менен УКМКны атады:

- Бийлик тарабынан чагым даярдалууда. Ички иштер министрлиги спортчуларды чогултууда. УКМК тарабынан чагым даярдалууда. Журналисттерге жана менин командама кайрылгым келет: Этият болгула. Мен жана менин командам эч кандай чагымга катышпайбыз. Ак үйдү да, башкасын да басып албайбыз. Бирок бардык мыйзам бузууларды фиксация кылабыз. Жообубуз дароо берилет.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттердин алдына чыгып сүйлөп жатып:

- Биз отургузуп келгенбиз, отургуза беребиз. Ар ким каалаганын жасаган учур артта калды. Мен мурда убада бергендей, биз айрымдарын азырынча унчукпай турабыз. Бирок 1-декабрга чейин менде убакыт жетет.

Ал ошондой эле УКМК жасап жаткан иштерди "жасалма" дегендер чоң жаңылышат деп билдирди.

УКМК шайлоодо талапкери өтпөй калган күчтөр башаламандык уюштурууга даярданып жатат деп билдирген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG