Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Шайлоо-2017: АКШда добуш берүү эми башталат, Владивостокто аяктады


Исламабаддагы шайлоо участогунда Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. 15-октябрь, 2017-жыл
Исламабаддагы шайлоо участогунда Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. 15-октябрь, 2017-жыл

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде жайгашкан шайлоо участкасы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө ачылат. Ал эми Орусиянын Владивосток шаарындагы шайлоо участогу добуш берүү убактысы аяктаганына байланыштуу жабылды.

Кыргызстандын президентин шайлоого байланыштуу жалпысынан 27 чет өлкөдө 37 шайлоо участкасы ачылган. Ооганстандын борбору Кабулда шайлоочулардын коопсуздугунан улам шайлоо участогу ачылган жок. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Республикалык шайлоо штабынын жыйынында билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, чет жактарда жүрүп добуш берүүгө укуктуу кыргызстандыктардын саны 18 580. Алар өздөрү жашаган өлкөдө консулдук каттоого турган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар.

Саат 17:00гө карата Кыргызстанда шайлоочулардын 40% добуш берди. (BzA/ZKo)

XS
SM
MD
LG