Ош шаарындагы Он-Адыр конушундагы №5321 шайлоо участкасында электрондук үкөк иштебей, эски үкөк колдонулуп жатат.
Участканын төрайымы Бахтиёрхан Шакирова эртең менен добуш берүү башталгандан тарта электрондук үкөк иштебей калганын, 9:10до эски үкөктү койгонго аргасыз болушканын билдирди.
Эки жолу адистер келип, оңдой албай кетишкен.
Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Соңку эки жылдан бери өлкөдөгү шайлоо жараяндары биометрикалык каттоонун негизинде, электрондук үкөктөр менен өтүүдө. (SE)