Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:10

Ракканы экстремисттерден кайтаруу операциясынын соңку тепкичи башталды


Сириянын Демократиялык күчтөрү АКШ баштаган коалициянын жардамы менен Ракка шаарын жихадчылардан кайтаруу боюнча операциянын акыркы этабын баштоо алдында турушат.

Мунун алдында шаарда калган тургундар эвакуацияланат жана экстремисттердин катарында жалданып согушкан 257 киши менен үй-бүлөлөрү колго түшүп берет деп макулдашылган.

Күрт кошуундары жана Сириянын Демократиялык күчтөр Ракканы төрт айдан бери камоолдо кармап келатышат. Демократиялык күчтөрдүн маалымат өкүлү Талал Сило шаардын 90 пайызы "Ислам мамлекети" радикал тобунан бошотулганын билдирди. Анын айтымында, жоочулар айрым конуштарда каршылык көргөзүүнү улантышууда. Ракканы халифат деп жарыялап алган экстремисттер үчүн калаадан кол жууп калуу чоң сокку болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG