Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:39

Иран Күрт автономиясы менен чек араны жапканын төгүндөдү


Иран менен Ирактын чек арасына жакын жер.

Иран Күрт автономиясы жакында эгемендик боюнча референдум өткөргөндөн кийин Түндүк Ирак менен чек арасын жаап салды деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

"Багдаддын өтүнүчү боюнча күрт аймагына аба мейкиндигибизди жапканбыз. Мен билгенден ал жерде жаңы эч нерсе болгон жок", - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин маалымат өкүлү Бахрам Касеми ИСНА агенттигине.

Ага чейин Ирандын "Тасним" кабар агенттиги Тегеран бийликтери Күрт автономиясы менен чек арадагы Башмах өткөөлүн жабышканын билдирген.

Ал эми күрттөрдүн бажы кызматынын расмий өкүлү Ислам жумурияты аймак менен үч чек ара пунктун жапканын маалымдады. 25-сентябрда Ирактагы күрттөр Багдад өкмөтү тааныбаган референдумда эгемендикти колдошкондон кийин ортодогу чыңалуу өсүүдө.

Күрттөр көп жашаган Иран жана Түркия да добуш берүүгө каршы чыгышкан.

Тегеран автономиядан да ал жакка учууларды токтоткон, ошондой эле чек арага жакын чөлкөмдө аскерий машыгуу жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG