Сомалинин борбору Могадишудагы кош жардыруудан набыт болгондордун саны 190го жакындады. Бул тууралуу "Ассошейтед Пресс" агенттиги маалымдады. 14-октябрда шаардын эки жеринде жардыруулар болгон. Өкмөттүк кеңселер, ресторан, дүкөндөр жайгашкан райондо мейманкананын сыртында дүрмөттөлгөн оор машина жарылганда дагы ондогон киши жараланды. Дагы бир теракт Мадина районунда болгон. Сомали бийлиги кол салууну "Ал-Кайида" террордук тобуна жакын "Ал-Шабааб" экстремисттик топтон көрүүдө. Бирок бир да уюм жоопкерчиликти өзүнө ала элек.
Президент Мохамед Абдулахи Мохамед үч күндүк аза күтүү жарыялады жана жарадар болгондор үчүн кан тапшырууга чакырды.
"Ал-Шабааб" тобу шарият мыйзамы менен жашаган мамлекетти орнотуу үчүн Сомали өкмөтүнө каршы күрөшүп келатат.