Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:42

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Бабановдун штабынан билдиришкендей, учурда шайлоо жана добуштарды электрондук эсептөөдөгү бардык мыйзам бузуулар такталууда.

Штаб өкүлдөрү автоматташтырылган үкөктөр аркылуу добуштарды эсептөөнүн алдын ала жыйынтыктары чындыкка дал келбейт деген маалымат таратып жатышат.

15-октябрда Өмүрбек Бабанов шайлоо жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн деген чочулоосун журналисттерге билдирип, БШК менен катар эле өз алдынча добуштарды санап чыгарын маалымдаган.

Боршайком кабарлагандай, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда көп добуш алды, аймакта аны шайлоого катышкан элдин 70 пайыздан ашыгы колдогон. Өмүрбек Бабанов болсо Таласта шайлоочулардын 85 пайыздан ашыгынын добушун топтоду. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG