Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:59

Меркел жана Мэй Иран менен келишимди колдоду


Тереза Мей менен Ангела Меркел.
Тереза Мей менен Ангела Меркел.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Германия канцлери Ангела Меркел Иран менен өзөктүк келишимдин сакталышын колдой турганын билдиришти. Алар 15-октябрда телефондон баарлашты. Анын жүрүшүндө тараптар чөлкөмдө Ирандын "активдүүлүгүн" азайтуу үчүн макулдашылган чаралар зарыл экенин айтышты.

13-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп башка ири державалардын лидерлеринен айырмаланып, Тегеран Ирандын атомдук программасы боюнча келишимди сактап жатат деп айтуудан баш тарткан. Муну менен Иран менен өзөктүк келишимди жарга такаган.

Буга байланыштуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф эгер Вашингтон 2015-жылдагы келишим боюнча Тегеранга каршы санкцияларды алуудан баш тартса, бул келишимден чыгарын эскерткен. Өз өлкөсү Европа АКШ президенти Дональд Трамптын позициясына каршы чыгарына үмүттөнүп жатканын айткан. Мындан тышкары батыштагы өнөктөштөрү колдоп турган чакта Иран макулдашууларды сактай турганын кошумчалаган.

Иран менен өзөктүк келишим 2015-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама жана БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу беш мүчө өлкөнүн, Германиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлгөн. Документке ылайык, Иран МАГАТЭнин инспекторлорун өзүнүн өзөктүк объектилерине киргизүү милдетин алган. Батыш тарап буга жооп иретинде санкцияларды акырындап жокко чыгарууга тийиш болгон. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп шайлоо алдында бул келишимди ката жана Американын тарыхындагы "эң начар" деп атап, бийликке келгенде андан чыгарын убада берген.

XS
SM
MD
LG