Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

УКМК: Экстремизм үчүн эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Экстремисттик кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандын аймагында камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Ал КМШ өлкөлөрүнүн бири, 46 жаштагы жаран экени аныкталды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал көп убакыттан бери чет жакта жашап, КМШ жарандары менен диний-экстремисттик, идеологиялык багытта иш жүргүзгөн жана Сириядагы эл аралык террорчулар тобуна адамдарды даярдоо ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн Кыгызстанда шарт түзүүгө аракет жасаган деп шектелүүдө.

Учурда анын Кыргызстандын ичинде жана сырт жактагы байланыштары текшерилүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда Сириядагы согушка катышуу үчүн барган кыргызстандык жарандардын саны 500дөн ашкан. Алардын айрымдары ошол жактан каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG