Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:16

“Жарандык платформа”: Шайлоочулар аз келди


Кыргызстандагы “Жарандык платформа” коомдук уюму президенттик шайлоо жалпы жонунан таза өттү деп эсептейт. Аталган уюмдун өкүлү Алмаз Абдыкадыров 16-октябрдагы маалымат жыйында жарандар добуш берүүгө аз келгенин белгиледи.

- Бул жарандардын азыркы саясий-экономикалык кырдаалдын мүмкүнчүлүктөрүнө ишенбегенине байланыштуу деп ойлойбуз. Бул шайлоо жарандардын укуктук маданиятынын төмөндүгүн көрсөттү. Себеби админресурс колдонуу, добуш сатып алуу фактылары тууралуу ачык айткандар аз болду.

“Жарандык платформа” уюмунун 500 байкоочусу өлкөнүн 12 шаарында шайлоого көз салган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54%.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Аны добуш бергендердин 36 пайызы колдогон.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG