Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Таласта Бабановдун тарапкерлери чогулууда


Бабановдун штабынын жанында топтолгондор. Талас шаары 16.10.2017
Бабановдун штабынын жанында топтолгондор. Талас шаары 16.10.2017

Талас шаарында ушу тапта "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабынын жанында адамдар чогулууда. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, болжол менен 100гө жакын адам турат.

Алар эмне максатта чогулганы тууралуу айтуудан баш тартып, бирок айрымдары Бабановдун саат 13:00гө пландалган маалымат жыйынын күтүп жатканын билдиришти. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинен Казакстан тарапка өтө албай турган оор жук ташуучу унаалардын айдоочулары да келе жатканы айтылууда.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Динара Сарногоеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, облуста коомдук-саясий абал тынч, кооптонууга негиз жок.

Ал эми Бабановдун Таластагы штабы чогулгандар боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Бабанов 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого катышып, 34 пайыз топтоду. Ал КСДПдан талапкер, 55 пайыз добуш алган Сооронбай Жээнбековдон кийинки экинчи орунда.

Бүгүн саат 13:00дө Бабановдун катышуусу менен пресс-конференция өтөрү маалымдалды. (AlS)

XS
SM
MD
LG