Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу планы жок экенин бүгүн, 16-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал үгүт өнөктүгү, шайлоо алдындагы төрт айлык күрөш оңой болбогонун билдирди.
Атамбаевдин өзүнө карата айтылган сын билдирүүлөрү тууралуу жооп берип жатып “Билдирүү жасоо, сүйлөө президенттин өзүнүн чечими. Мен мунун баарын анын абийирине койдум. Убакыт көргөзөт”, - деди.
Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Өмүрбек Бабанов тууралуу:
- Бабанов мени жамандап чыкты. “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх келип 20 млн доллар сунуштаган. Мен сатылбай турган нерселер бар экенин айттым, - деп айткан.
Бабанов өзүнүн шайлоодо утулушуна мамлекеттик телеканалдан жарыяланган каралоо материалдар, админресурс, тартип коргоо органдардын бир тараптуу иштеши себеп болгонун белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 55%.
Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Аны добуш бергендердин 34% колдогон.(КЕ)