Кыргызстандагы атаандаштык шартында өткөн шайлоо бийликти тынч өткөрүп берүүгө шарт түздү жана бул жагынан өлкө башкаларга үлгү боло алат. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстандагы президенттик шайлоо боюнча байкоолорунун жыйынтыгы боюнча билдирди.
ЕККУнун билдирүүсүндө айтылгандай, негизинен өнөктүк эркин өттү, бирок административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларга басым көрсөтүү жана добуштарды сатып алуу тынчсыздандыруучу фактор бойдон калууда.
“15-октябрдагы шайлоо Кыргызстандагы демократиялык институттарды бекемдөөгө салым кошту. Бийликти эл шайлаган президентке тынч өткөрүп берүүгө шарт түздү. ЕККУнун эл аралык байкоочулары алдын ала ушундай бүтүмгө келди. Шайлоочулар талапкерлердин кеңири тандоосуна ээ болушту. Шайлоо техникалык жактан жакшы уюштурулду. Бирок Боршайком талаш-тартыштарды чечүүдө айрым учурларда калыстыгын көрсөтө алган жок” деп билдирди ЕККУ.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. 11 талапкер ат салышты. Эң көп добуш, алдын ала эсептөөлөргө караганда, КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбековго тийди (дээрлик 55%). Ал эми анын негизги атаандашы, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго шайлоочулардын 34% жакыны добуш берди. (RK)