Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Жумаканов: Казакстан сүт азыктарын чектегенин расмий билдире элек


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал Кыргызстандын сүт азыктарын чектөөгө Казакстанга негиз жана себеп жок экенин айтты.

-Ушундай маалыматты биз дагы окуп жатабыз. Бирок Казакстан бул ишканаларды жаптык, ушул себеп менен деп расмий билдирүү жибериш керек да. Бизге дагы, Тышкы иштер министрлигине дагы келген жок. Эч кандай себеби жок эле кандай жабат. Азыр Казакстандын Айыл чарба министрлиги менен байланыштык, жаңы чектөөлөр жок деп айтышты. Ишканалардын баарына чалсак алар деле эч кандай маселе жок деп айтышты.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 10-октябрдан тарта казак-кыргыз чек арасында “ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөндөн” улам Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына чектөө киргизилгенин кабарлаган. Мындай шартта алар товарынын ар партиясынын үлгүсүн лабораториялык изилдөө үчүн жөнөтүп турушу керектиги, артка кайтарылган продукциянын көлөмү 105 тоннадан ашканын да белгилеген.

Кыргызстандын айыл чарба министри Нурбек Мурашев мындай маалымат аларда жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз-казак чек арасында жарандардын жана жүк тарткан унаалардын топтолуусу 10-октябрдын кечинен бери байкалууда.

Бул көрүнүш президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак бийлигине багытталганын сынын расмий Астана “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди. (КE)

XS
SM
MD
LG