Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Улукбек Кочкоров: бийлик азыркы саясатын улантса жаңылышат


Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров бул туралуу бүгүн “Азаттык” радиосундагы талкуу учурунда билдирди:

- Мен бир нерсени айтып коюшум керек. Бүгүн элди жакырчылыкка отургузуп коюп, 3000-5000 сом менен добуш алып, элдин ишениминдемин деген ойдон алыс болуш керек. Бүгүн муну (шайлоонун жыйынтыгын) "ишеним кредити" катары кабыл алып, күтүүсүз иш-чараларды аткарыш керек. Жакшы жарандык коомубуз бар деп жатабыз, аларга басымды токтотушу керек. Кээ бир ММКларды жабуу, кээ бир журналисттердин үстүнөн соттук процесстерди ачуу өңдүү маселелер эч жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан бул жараяндарды токтотуш керек. Коррупциянын тамырына балта чабууну бүгүнтөн тарта баштоо абзел. Ошол коррупционерлер, бир ууч адамдар бүгүн элдин, мамлекеттин байлыгына ээ болуп олтуруп, анан ошондон беш-алты жылда бир жолу элге, жөжөгө жем сепкендей кичине бир нерсе сээп коюп, добуш алып, мындан ары да ушундай саясатты жүргүзө беребиз десе, бийлик жаңылышат.

Президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн, мурдагы парламент депутаты Улукбек Кочкоров 15-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында 8363 же 0, 5% добуш топтоп, алтынчы орунду ээледи.

КСДПнын талапкери, шайлоодо биринчи орун алган мурдагы премьер-министри Сооронбай Жээнбеков алдыда азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантарын айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG