Бул тууралуу “Ак Шумкар” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариевдин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат. Ал шайлоочуларды сатып алуу, коркутуу, административдик ресурсту, криминалды колдонуу, мамлекеттик жана жеке менчик телеканалды бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн колдонуу жана кара пиар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бергенин белгиледи.
“Шайлоочуларда өзүнүн позициясын билдирип, өзүнүн талапкерине добуш берүүгө мүмкүнчүлүгу болду. Ошону менен катар болуп өткөн шайлоо биздин шайлоо системасы терең реформалоого муктаж экенин көрсөттү” деп жазылган Сариевдин билдирүүсүндө.
Мындан сырткары Сариев коомчулукту, саясатчыларды, президент жана парламентти бул маселеге олуттуу көңүл бурууга чакырып, шайлоо мыйзамдарын оңдоп-түзөө зарылчылыгы бар экенин айткан.
БШКнын алдан ала маалыматына караганда, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевге шайлоого катышкандардын 3 пайызга жакыны добуш берген. Бул 43 миңге жакын шайлоочуну түзөт. (КЕ)