Бул жолку президенттик шайлоонун үгүт маалы одоно мыйзам бузуулар менен коштолду, бирок жаңы техникалык шарттар шайлоонун ачыктыгын камсыз кылуудагы алдыга карай маанилүү кадам болуп калды. Бул тууралуу бүгүн “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы тараткан билдирүүдө айтылды.
“Үгүт маалында коомчулук административдик ресурстун өтө көп колдонулушуна, мамлекеттик телерадиоканалдардын бийлик көрсөткөн талапкердин атаандаштарын күнү-түнү каралоосуна, президент Алмазбек Атамбаевдин жана башка жетекчилердин талапкерлердин үгүт иштериние кийлигишүүсүнө күбө болду. Жогорку Кеңеш жоопкерчиликтен качты. Шайлоо күнү интернеттеги социалдык түйүндөрдө журналисттерге жана шайлоочуларга жасалган басым, коркутуп үркүтүү, добуш сатып алуу тууралуу маалыматтар тарап жатты. Бирок ошол эле маалда биометрикалык каттоо аркылуу добуш берүү шайлоо системасындагы алдыга карай олуттуу кадам экенин белгилейбиз. Бул жолу добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу максатында шайлоо комиссияларынын курамы үчүн эмес, шайлоочулардын добушу үчүн ат салышуу болду” деп билдиришти кыймыл мүчөлөрү.
Ошону менен катар алар утулуп калган талапкерлерди туура эмес кадамдардан оолак болуп, өлкөнүн келечеги үчүн тил табышып иштөөгө, чек ара сыяктуу олуттуу болуп турган маселелерге көңүл бурууга чакырышты.
Ал алгач "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталып, талкуулардан кийин “Акыйкат шайлоо үчүн” деп өзгөртүлгөн жарандык кыймыл сентябрдын башында түзүлгөн.
Аны түзүү меморандумуна экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер кол коюшкан.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. 11 талапкер ат салышты. Дээрлик 55% добуш менен утушка КСДП партиясы көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков ээ болду. (RK)