Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Дмитрий Медведев Жээнбековду куттуктады


Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда куттуктады. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун штабынан маалымдашты.

Сүйлөшүү учурунда Медведев Кыргызстандын жаңы президентине ийгиликтерди, ал эми өлкөгө гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевге ыраазычылык билдирди. Андан кийин тараптар Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык кызматташтыгын бекемдөө боюнча талкуулашты деп айтылат маалыматта.

Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен 16-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да куттуктаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.

Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG