Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Полковниктин өлүмүнө шектүү Досоновду Жогорку Сот толук актады


Кадыр Досонов
Кадыр Досонов

Жогорку Сот кримтөбөл атыккан Кадыр Досоновду актаган Ош облустук жана Кара-Суу райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Алгачкы өкүмдү эки ай мурда Кара-Суу райондук соту чыгарып, Досоновду актаган. 3-августта Ош облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

"Женго" деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жаткан.

Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында, соттун жүрүшүндө Досоновдун бул ишке тиешеси бар экендигине бир да далил табылган эмес. Адвокат ошондой эле Досоновдун акталышы президенттик шайлоого туш келип калганын дал келүүчүлүк деп атап, анын иши өз мөөнөтү менен каралганын белгиледи.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул окуя боюнча кылмышка катыштыгы барлар жазасын алышкан. Кадырбек Досонов качып жүргөндүгүнө байланыштуу, жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Аны күч кызматкерлери 2015-жылдын 6-февралында колго түшүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG