Кошмо Штаттар Ирак өкмөтү Киркук шаарынын негизги объектилерин өз көзөмөлүнө алганы тууралуу кабарларга тынчсыздануусун билдирүү менен бир да тарапты жактабайт" деп белгиледи.
"Биз көп жылдардан бери күрттөр менен жакшы мамиледе болуп келе жатабыз, муну менен бирге Иракты да колдойбуз, бирок бул урушта бир да тарапка жан тартпайбыз", - деди АКШ президенти Дональд Трамп.
Дүйшөмбү күнү Ирак аскерлери танктардын коштоосунда мунайга бай чөлкөмдөгү бир катар маанилүү объектилерди, жергиликтүү бийликтин кеңсесин басып алышкан.
Сентябрдын аягында Ирактын курамындагы Күрт автономиясы көз карандысыздык боюнча референдум өткөргөндөн бери өкмөттүк армия менен күрттөрдүн пешмерга кошуундары биринчи жолу кагылышты.
Добуш берүү автономияга кирбеген, бирок калктын басымдуу бөлүгүн күрттөр түзгөн Киркукта да уюштурулган. Багдад өнөктүктү мыйзамсыз деп четке каккан. Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади Киркукту кайтаруу операциясы өлкө биримдигин сактап калуу үчүн жүргүзүлгөнүн билдирди. Күрт расмий адамдары анын жүрүшүндө бир топ жоготуулар болгонун айтышууда.