Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Кыргызстандагы аэропорттор 2,5 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейледи


“Манас” аэропортундагы жүргүнчүлөр. Иллюстрация
“Манас” аэропортундагы жүргүнчүлөр. Иллюстрация

Бул тууралуу Эл аралык “Манас” аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова “Азаттыкка” билдирди.

Курбанованын маалымдашынча, “Манас” аэропортунун карамагындагы аба майдандар ушул жылдын тогуз айында 2 миллион 688 миң 493 жүргүнчүнү тейледи. Мунун ичинен 979 миң 793 адам ички каттамдар аркылуу, 1 млн 708 миң 700 адам эл аралык каттамдар аркылуу учкан.

Бул “Манас” эл аралык аэропортунун Бишкектеги аба майданы, Оштогу Эл аралык аба майданы жана Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданында аткарылган 24 миңдей рейстерден учкан жүргүнчүлөрдүн саны.

Маалыматта бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу дээрлик жарым миллионго көп дегенди түшүндүрөт. Быйыл ошондой эле рейстер да былтыркы жылга караганда көптүк кылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG